"Акшумкар", "Эмгек", "Замандаш"... Дагы кайсы партиялар парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты?

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 75 партия билдирүү берген. "Эркин Кыргызстан", "Эне жүрөгү-Мекен" партиясын каттоодон баш тартылды.

23 партия талапкерлер тизмесин көрсөтүүнү билдиришти. Алар: "Улуттар Биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын Жашылдар партиясы", "Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү", "Азаттык", "Ынтымак", "Ак Асаба", "Күчтүү регион", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат – Эл Куту", "Ата-Журт Кыргызстан", Мекенчил Эл", "ОРДО", "Кыргызстандын "Багыт" либералдык-демократиялык партиясы", “Жашасын Кыргызстан”, "Улуу-Журт”, "ЛЕГАЛАЙЗ", “Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы", "Социал Демократтар" партиясы.

Ал эми 21 партия шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришти. Алар: "Бийлик Элге", "Ар-Намыс", "Аалам", "Ак Бата", "Социалист", "Бирге-Вместе", "Биздин Эл", "Наш Народ", "Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”, "Эмгек", “Чон Казат”, "Либералдык-Прогрессивдүү Партия", "Кыргызстан элдеринин конгресси", "АШАР-Алтан", “Жаратман Эл”, “Элдик Партия”, "Менин Мекеним", "Элдик Партиясы", “Замандаш”, “Акшумкар”, "Айкол Кыргызстан", "Кыргызстандын "Баба Дыйкан" фермер-дыйкандарынын партиясы”, "Адилет" партиясы.

Ошол эле учурда 29 партия мурда катышууну билдирип, бирок 13-октябрга карата шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен жок. Алардын ичинен 6 партия шайлоо фондун түзгөн жок. Алар: "Актив", "Акыйкат Кыргызстан", "Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы", “Күч биримдикте”, "Жаңы Мезгил", “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, "Жаңы ЭРА", “Келечек-Будущее”, Асыл-Мурас Жаштар", "Улутман", "Аманат", “ТУРАН”, "Адам укугу", "Элдик аракет партиясы”, "Эгемен Кыргызстан", "Кыргызстандын "ТЫНЧТЫК" элдик патриоттук партиясы", "Элдик контроль", "Кыргызстандын дыйкан (фермердик) партиясы", "Чындык", "Мурас", "Ак-Шам" Мекен жана жаратман партиясы”, "Кыргызстан элдеринин шериктештиги", "Кыргызстан", "Тилектештик", "Реформа", "НУР", "Ак-Санат", "Ак-Ниет", "Асаба" партиясы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан