Дебат: "Жогорку Кеңеш турса кантип отчёт алат?". Депутаттыкка талапкерлердин курултай тууралуу ойлору

КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун экинчи күндүк дебаттары өтүүдө. Анда талапкерлерге: "Курултай институт бул жолу кабыл алынган баш мыйзамда дагы бир жолу бекемделди жана курултай элдик бийликтин формасы катарында көрсөтүлүшү керек деген көпчүлүктүн талабы катарында колдоо тапты. Мыйзам базасы түзүлүп, курултай институту иштеп баштаса, парламент менен бул институттун ортосундагы кызматташтык кандай болушу керек?" деген суроо берилди.

Жашасын Кыргызстан" саясий партиясынын жообу: "Ушул теманы биз шайлоого чыкканда колдоп чыкканбыз. Ал жерде курултай системалык атайын өнүктүрүү жана уюштуруучу орган катары жергиликтүү бийликтин көйгөйлүү маселелерин колдой турган институт болушу керек эле. Себеби курултай деп кыйкырып келебиз, бирок курултайдын негизи мааниси жергиликтүү бийликтин башкаруусу. Элдин көзөмөлү жана ишти алып баруу. Алып бара турган ишти пландаштыруу жана жергиликтүү деңгээлде анализ кылып, даярдап турса Жогорку Кеңештин бул көзү, мурду болот".

"Жашылдар" партиясынын жообу: "Курултай кыргыз элинин жамааттык башкаруусунун тарыхый формасы. Курулдай бизге эзелтеден келет. Ошондуктан мен Жогорку Кеңеш менен курултайдын ортосунда кандайдыр бир кызыкчылыктардын кагылышын көргөн жокмун. Мындан тышкары курултайдын мүчөлөрү кеңири массадан болот. Анын үстүнө биздин калк өзү деле ар кайсы жерден делегаттарды шайлап, курултайга жиберет.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын жообу: "Биздин Курултай институтуна көз карашыбыз түз. Анткени тарыхка көз чаптырып карай турган болсок, биздин ата-бабаларыбыз бүткүл маселелерди элдик жыйындар, курултай менен чечип келген. Ийри отуруп түз кеңешип, көптөгөн сунуштарын айтып чечип келишкен. Эгер Жогорку Кеңешке элдин жашоосун ойлогон депутаттар келсе кандай гана институт болбосун өз кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, иштешип кетет деген ойдомун".

"Азаттык" партиясынын жообу: "Курултай институту бул бөйрөктөн-шыйрак чыгаруу деген менен барабар. Бир өлкөдө эки кеңеш болушу мүмкүн эмес. Дал ошол ата-бабаларыбыз кеңешип кескен бармак оорубайт деп жыйын кылган бул дал Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңештин өзүнүн үч функционалдык милдетинин бирөө бул элдин өкүлчүлүгү. Ошол өкүлчүлүк миссия бул курултайдын миссиясы. Ага дагы 3 миң адамдан турган курултай түзүп коюу бул максатка ылайыксыз. Көрөсүңөр, жылдар өтөт. Курултай институту бийликтин камчысын чапкан кошоматчылардын армиясынын деңгээлинен жогору көтөрүлбөйт. Жогорку Кеңеш турса, эл шайлаган парламенттен курултай кантип отчёт алат? 1 миллиондон ашык добуш алып келген президенттен курултай кантип отчёт алат? Бул бизди саясий кризиске алып барат".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан