Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгү өттү. Шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алды.
Учурда саат 22:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын эсеби боюнча алдын ала жыйынтыкты жарыялап жатат.
Бишкек шаары боюнча бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн ичинен алдыда келе жаткандар:
Ленин округу
Ленин округу - АБИРОВ ЖАНЫБЕК БОЛОТБЕКОВИЧ - 6 820 добуш же 30.02 пайыз.
Биринчи Май округу
Биринчи Май округу - АКЫЛБЕКОВ РУСЛАНБЕК АКЫЛБЕКОВИЧ - 3 716 добуш же 15.82 пайыз.
Октябрь округу
Октябрь округу - БЕКЕШЕВ ДАСТАН ДАЛАБАЙЕВИЧ - 9 069 добуш же 45.48 пайыз.
Свердлов округу
Свердлов округу - МААТКАБЫЛОВ ЫРЫСБЕК ШАРШЕНБАЕВИЧ 4 567 добуш же 29.20 пайыз.
Белгилей кетүүчү жагдай, учурда эсептөөлөр аягына чыга элек, буга байланыштуу тизме так эмес. Өзгөрүүлөр жана толуктоолор болот.