Шайлоонун жыйынтыгын чыгарганга чейин мыйзам бузган талапкердин каттоосу жана добуштары жокко чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Мыйзам чегинде БШК 20 күндүн ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы керек. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарганга чейин кайсы бир талапкер мыйзам бузган болсо, анын каттоосу жана добуштары жокко чыгарылат. Өтө жооптуу күн талапкерлерге кайрылат элем. Мыйзам чегинде иш алып баргыла", - дейт ал.