"Азаттык" партиясынын кийинки кадамдары ички жыйындан соң белгилүү болот

Жогорку Кеңештин депуттаттарын шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан "Азаттык" партиясынын кийинки кадамдары ички жыйындан соң белгилүү болот. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн, 29-ноябрда түштөн кийин "Азаттык" саясий партиясынын мүчөлөрүнүн жабык жыйыны өтөт. Андан кийин партиянын кадамдары белгилүү болот. Азырынча эч нерсе белгисиз", - деди ал.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр жаралып, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.

Алдын ала жыйынтык жарыялангандан кийин 4 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты. Бул туурасында алар 29-ноябрга караган түндө уюштурган маалымат жыйында билдиришти. Маалымат жыйынга катышкан "Ата Мекен", "Улуттар Биримдиги", "Социал-Демократтар" жана "Азаттык" партиясынын лидерлери, өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону таза өткөрүүнү талап кылышты.
"Азаттык" алдын ала эсеп боюнча, 3,88 пайыз добушка ээ болду. Парламентке өтүү үчүн партиялар 5 пайыздык босого чектен ашуусу керек.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан