Соңку 24 саат аралыгында коронавирустан 64 бейтап сакайып чыкты. Бул туурасында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Бишкек шаары – 40;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 1.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы катталган күндөн тарта жалпы 183 миң 285 адам жабыркаса, анын 178 миң 112си айыкты.