Сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымдады.
Айыккандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 1.
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 345ке жетти.