Израилде коронавирустун "Омикрон" деп аталган штаммы катталган соң өлкө чет элдик жарандарга чек арасын жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Израилдин бийлиги тыюу салуу эки апта бою күчүндө болорун жана анын максаты эксперттерге жаңы штаммдан келип чыккан коркунучтун чыныгы деңгээлин баалоого убакыт берүү экенин билдиришти.
"Омикрон" Израиль, Гонконг, Ботсвана, Бельгия, Британия, Австралия, Германия жана Италияда аныкталды. Көпчүлүк өлкөлөр бул штамм катталган мамлекеттерге аба каттамдарын токтотту.