Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 5 жылда 30,4 пайызга өсүптүр

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 5 жыл ичинде 30,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Өлкөбүзгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны 2012-жылы 2,4 миллионду түзүп, 2008-жылга салыштырмалуу 30,4 пайызга өскөн. 2008-жылы Кыргызстанга 737,5 миң Казакстандын жараны келип кетсе, 2012-жылы көрсөткүч 1 миллион 675 миң адамды түзгөн. 

 

5 жыл аралыгында 2011-жылы Орусиядан 1 миллион 20 миң жаран Кыргызстанга келген. КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 2,3 миллион адам келген. Бул жалпы көрсөткүчтүн 94,8 пайызын түзөт. Негизинен чет өлкөлүктөр Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Германия, Түркия жана АКШ мамлекеттеринен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан