КСДП фракциясы 15-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги сейил бактардын айрым үлүштөрү турак жай салуу үчүн мэрия тарабынан мыйзамсыз берилгендиги жөнүндөгү маалыматын текшерүү үчүн КСДП фракциясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын иш жыйынтыгы жөнүндө маалыматы угулду. Жыйынтыгында фракция "мэр Иса Өмүркулов шаарды башкарып турган учурда сейил бактардын аймагынан жер берилген эмес" деген чечим кабыл алышты.
“Сейил бак аймагынан жер тилкелерин сатуу маселеси курч бойдон. Бул боюнча иш жүргүзүп жатабыз. “Ататүрк” сейил багынын аймагынан мыйзамсыз берилип кеткен бир нече жер тилкелерин кайтардык”,- деди Иса Өмүркулов.