Балбак Түлөбаев: "Өлкө үчүн, эл үчүн ызаабызды да, эгобузду да басуубуз керек"

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын алдын ала жыйынтыгы боюнча 6 партия 5 пайыздык босого чекти өттү. Анын ичинен "Ынтымак" партиясы 10.65 пайыз топтоду.
Аталган партиядан депутаттыкка талапкер Балбак Түлөбаев элдин чечимине баш ийе турганын айтып кайрылуу жасады.
"Баарыңыздарга рахмат! Сабырдуулук менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгын күтөлү. Кол менен да санап бүтсүн. Мага берилген ар бир жарандын добушун аягына чейин коргойм. Ал мага аманат. Эл мүдөөсүн аткарды. Элдин чечимине баш ийебиз. Тажрыйбалуу, аксакал саясатчы, партияларга кайрылуум - сабырдуулук менен жыйынтыкты күткүлө. Эртең да күн бар. Өлкө үчүн, эл үчүн ызаабызды да, эгобузду да басуубуз керек.
Элдин добушун сиздер эле эмес, биз да коргойбуз. Сарсанаа болбоңуздар. Күнү, түнү иштедик. Ким кайсы жерде, кандай иштегенин көрдүк. Жаңы жүздөр, жаңы пикирлер пайда болду. Мурда мен ушул жерден добуш алам дегендер эмнеге ала албай калганын да билебиз. Доор өзгөрдү. Коом да. Эл өзү каалаганын шайлады", - деп айтылат билдирүүдө.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tursunbaev1978
2021-11-29 13:19:03
Эгобуз дегени не,Түшүнбөдүм ушундай сөз барбы?
0
JaneEr
2021-11-29 15:33:16
Tursunbaev1978,озумчулдук деген.Отпой калган кандитатьар оздорун ойлоп элге бурук салып тополон кылып атат
0
Dembele84
2021-11-29 13:37:23
Озун бийликтин партиясы менен отуп алып эми каалаганыны суйлой бересин да
+5
ChagyIgan7
2021-11-29 14:08:48
Эл учун иштеп бериниз
-5
Antiradikal10
2021-11-29 14:13:33
Жогорудагы клон никти тыйчу эч ким жокпу?!
+3
Antiradikal10
2021-11-29 14:13:50
Бийликтин камчысын чапкан бири да.....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан