#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Анара Мамбеталиева болду

#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Анара Мамбеталиева болду. Ал үч журналисттин үч багыттагы суроолоруна жооп берди.

- Коомчулук сиз жөнүндө кенен билиш үчүн өзүңүз тууралуу, иштеген кызматтарыңыз тууралуу кенен айтып берсеңиз.

- Мен Мамбеталиева Анара Хамзаевна эмгек жолумду силерге окшоп журналистика тармагынан баштагам. Журналистикада көпкө чейин жүргөн жокмун. 3 жыл убакыт журналистикада жүрдүм. Андан кийин мамлекеттик кызматтагы ишимди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен баштадым. Ошондон бери Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясында бүгүнкү күнгө чейин иштеп келдим. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койгондо бул кызматты өткөрүп бердим. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аскерлештирген кызмат болгондуктан мен журналистиканы аскер кызматына айкалыштырышым керек болду. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астында аскер бөлүгүндө үч айлык атайын аскердик кызматты өтөдүм. Кадимкидей аскердик наамды алып, эмгек жолумду ошол жерден баштадым.

- 2018-жылы коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп өзүңүз иштеген мекемедеги кесиптештериңизге каршы чыгып, кызматыңыздан кол жууганыңыз эсибизде. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атагансыз. Кайра жумушуңузга орношкондон кийин үнүңүз чыкпай калгандай болду го.

- Негизи өзүм коррупцияга каршы чыгып, чындык үчүн күрөшкөм. Бирок мамлекеттик кыматкерлерди билесиздер да мыйзам боюнча этикасы бар. Анын алкагынан чыкпаш керек. Ич ара күрөш болгон, болуп эле жүргөн. Күчүм жетпей калганда коңгуроону сыртка чыгып какканга туура келди. Кызматтык орундардын соодалашканы боюнча, бюджетке карата кыянаттык мамиле болуп жатканы мени ушул жолго түрттү. Чындык таба алган жокмун. Мен президентке чейин кайрылганга аргасыз болдум. Мага чейин коррупцияны ачык айтып чыккан адам болбогондуктан өтө талкууга алынды. Буга элдин тыкыр көзөмөлү, журналисттердин байкоо салганы мага ушул кырдаалдан чыгып кеткенге чоң өбөлгө болду. Эгерде сенжетекчиликке каршы тура турган болсоң, алардын туура эмес аткарып жаткан иштерин бетине айтсаң анда сен элдин душманы болосуң. Кесиптештериң ал адам менен сүйлөшкөндөн коркуп калышат экен. Жыйындарга чакырбай кошпой жатышты. Мына ушундай мамилени көрдүм. Бирок бул мамиле мени тескерисинче чыйралтты. Мени мындай мамиле менен коркута алышкан жок. Ошон үчүн жетекчиликке мен өз учурунда чындык үчүн акыркы кадамдарга чейин барам деп айткам. Мен укук коргоо органдарына, эл өкүлдөрүнө чейин бардым. Тилекке каршы, эл өкүлдөрү мени кабыл алган жок. Мен мамлекеттик кызматта иштеп жатып мени ушинтип кабыл албай жатса, жөнөкөй жарандар кууруп жаткан экен да деген ой келди.

- Чындыкты айтуудан корккон жоксузбу?

- Учурунда оор болду. Корктум деп айта албайм, жакындарым үчүн корктум. Бул чындыкты айтып чыгуу менен үч кишинин эле эмес, андан да чоң адамдардын куйругун басып алыптырмын. Менин жакындарыма чейин залакасы тийди.

Басма сөз кызматкери бир жетекчинин же министрдин жалданма кишиси эмес да. Ал мамлекеттик кызматкер. Жетекчилердин басма сөз кызматкерин өзүнө гана пайдаланганы туура эмес. Мен соттошуп кызматыма келгенден кийин унчукпай калган жокмун. Керек болсо жакында кызматымды өткөрүп берип жатып айрым туура эмес мыйзамсыз иш кылгандарга эскертүү берип кеттим. Мен баштаган ишимди аягына чейин чыгарам. Ич ара күрөшүм уланды.

- Максаттарыңызга жетүүдө кандайдыр бир нерсени курмандыкка чалып көрдүңүз беле?

- Максатка жетүүдө башкаларды эмес, башка нерсени эмес мен өзүмдү курмандыкка чалам. Бул коррупцияга каршы күрөшүм өзүмдү курмандыкка чалган болду. Мындай көрүнүштөр көп. Табиятымдан ушундай адам экем. Адилет үчүн күрөшкөнүм бул менин мүнөзүм.

- Журналисттер сизди экотехинспекциянын басма сөз кызматкери катары билебиз. Ушул кызматта күнү-түнү иштеп, бала тарбиялап, ошол эле учурда ийгиликтүү да айымсыз. Мунун баарын айкалыштыруу оңой менен болбосо керек.

- Жашоодо максатка жетүү үчүн баарыбыз эле тырмышып жүрбөйбүзбү. Оңой эмес. Бирок ар бир убакытты туура пайдалануу менен бардык нерсеге жете алсак болот. Мени басма сөз катчы катары көргөнү менен бул кызматтын милдети чоң. Мекеменин министринен баштап айдоочусуна чейин иштерин билишиң керек. Коомдо болуп турган талкууларга жообуң даяр болушуң керек.

- Өзүңүз иштеп жаткан мекеменин кызматкерлерине каршы чыгуунун максаты упай топтоо эмес беле?

- Кимге упай топтоо? Мага тескерисинче аты-жөнүм коомчулукта кайра-кайра талкуу боло бергени көп жага бербейт. Мен бирөөлөргө бир нерсени далилдеш үчүн коомго чыгып алып жүрбөйм да. Мага иш менен көрсөткөн жагат. Бул упай топтоо эмес, бул нерсеге каршы туруу мага да оңой болгон жок. Болгону мен бул жолдо кимдин мага ою кандай экенин билип алдым.

- Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан айым талапкерлерден үч өзгөчөлүктү айтып бериңизчи?

- Ар бир талапкер эл өкүлү болгонго татыктуумун деп баратат деп ойлойм. Өзгөчө нерсем бар дегенден алысмын. Эл өкүлү болом деген максатты 10 жыл мурун койгом. Депутат болуу үчүн мен кандай болушум керек деген суроо коюп, ушунун артында издендим, билим алдым.

- Депутат болуп калсаңыз ишти алгач эмнеден баштайын деп турасыз? Дегеле депутат болууга эмне түрткү берди?

- Программанын негизги өзөгү биз жаңы Конституциянын негизинде региондон шайланып келе тургандан кийин ошол аймактын маселесин көтөрүшүбүз керек. Ысык-Көл облусу туристтик аймак болгондуктан өзгөчө камкордук кылышыбыз зарыл. Ысык-Көл облусунда бир мезгилде гана туристтик сезон болот. Калган учурда көңүл бурулбайт. Ошондуктан туризмди өнүктүрүү багытында долбоор иштеп чыктым. Андан сырткары региондордо туристтерди тосуп алуу үчүн шарттарды түзүп беришибиз керек. Депутат болуп калсак мыйзам жазуу менен чектелбестен аткаруу бийлигине сунуштарыбызды беришибиз керек.

- Шайлоочуларыңызга кайрылуу үчүн сизге эркин микрофон берилсин.

- Буюрса, саналуу күндөрдөн кийин шайлоо дагы аяктайт. Бүгүнкү күндө талапкерлерге кайрылат элем. Мамлекет тарабынан шайлоону таза өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө бардык аракеттер жүрүп жатат. Ошондуктан биз дагы мыйзамды сыйлап, мыйзамдын алкагынан чыкпай үгүт иштерин жүргүзсөк.

Урматтуу шайлоочулар, биздин алдыбызда дагы да чоң тандоо турат. Туура тандоо жүргүзүп, билимдүү, таза депутаттарды парламентке алып келели.

Аткаруучу: “Супер.кж” ЖЧКсы. Дареги: Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.
Буюртмачы: Мамбеталиева Анара Хамзаевна.
Нускасы: 1 даана. Чыгарылган күнү: 21-ноябрь, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Анара Мамбеталиеванын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абыкеева Айыма тарабынан төлөндү. Күбөлүк № 77 17.10.2021-жыл.

Анара Мамбеталиева: “Мамлекеттик кызматта жетекчиге сын айтсаң душман көрүнүп каласың“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан