Парламент: “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча макулдашууну тезирээк ратификациялоо сунушу айтылды

“Ата Мекен” фракциясынын 15-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашууну тезирээк ратификациялоо сунушу айтылды. Муну аталган ишкананын башчысы Тургунбек Кулмурзаев айтты. “Кыш кирип келе жатат. Маселени тезирээк чечүү керек”,- дейт Кулмурзаев.  

 

Айта кетсек, макулдашуу ратификацияланган соң "Газпром" Кыргызстанга газ жеткирүү иштерин баштайт. Мындан сырткары КРнын газ берүү системинде бир катар оңдоп-түзөө иштери жасалмакчы. Ошондой эле бул макулдашууга ылайык, аталган орусиялык компания 5 жылдын ичинде КРнын газ тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында 20 миллиард рубль инвестиция салууну кепилдөөдө. Айта кетсек, "Кыргызгаздын" карыздары да Орусиянын моюнуна жүктөлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан