Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митинги өтүп жатат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага сөз берилди.
"Расмий сайтка чыккан таблицасынын катасы үчүн кечирим сурайм. Автоматтык эсептөө системасы так иштейт. Мен буга кепилдик берем. Биздин система так иштеп жатат. Бул алдын ала маалымат болуп эсептелет. Юридикалык мааниге ээ эмес деген мыйзамда норма бар. Бардык шайлоонун натыйжалары кол менен санооонун жыйынтыгы менен чыгат. Протоколдор чогултулуп жатат. Мыйзам бузуу болсо арыздарды берүүгө чакырам. Биз саясий партиялардын өкүлдөрүн тийиштүү адистер менен БШКга чакырабыз", - дейт ал.
Аны митингге чыккандар укпай, "кетсин, кетсин" деп кыйкырышты.