Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынды штабдын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров алып барышты. Жыйынга шаардын, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Талас шаарынын жана облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.

Талас шаарында жана Талас облусунда 162 миң 109 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын бул санынын негизинде аймакта бир мандаттуу 2 округ түзүлдү: №20 Манас округу (Кара-Буура, Манас райондорун жана Бакай-Ата районунун 5 айылдык аймагы кирет), №21 Талас округу ( Талас шаарындагы 10 УШК, Талас облусунун 13 айылдык аймактары жана Бакай-Ата районунун 4 айылдык аймактары кирет). 117 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылат; шайлоого даярдыкты 1534 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ишке ашырышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан