"Ак-Ниет" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу билдирме берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда БШК бул маселени карап чыкты. Жыйынтыгында "Ак-Ниет" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.