"Жегенге эч нерсебиз жок". Ооганстанда 10 миңден ашуун мугалим талибдер басып алгандан бери айлык акы алыша элек

10 миңдеген ооганстандык мугалимдер август айынан бери айлык маянасын алыша элек. Алар жашоо-тиричилигин улантуу үчүн башка жолдорду издөөгө аргасыз болушууда. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысынын Ооганстандагы кабарчысынын макаласында жазылды.

Жазылган маалыматка ылайык, жогорудагы кырдаалга байланыштуу Ооганстандагы көпчүлүк мектептерде мугалимдер жок.

Көпчүлүк мугалимдер сыяктуу эле Сайед Абдул Рахман дагы талибдер ал жашаган райондун бийлигин басып алгандан бери айлык акы ала элек.

Алгач Рахман сатуучулар менен айлык акысын алганда төлөй турган болуп үйүнө азык-түлүк алып келүүгө мүмкүн болуп жаткан. Ал жашаган Алмар районундагы Фарьяб провинциясында Сайед Абдул Рахмандын көп өспүрүмдөргө билим алууга жардам берген адам катары өзүнчө сый-урматы бар эле. Ошондуктан сатуучулар ага ишенишчү.

Бирок аталган район талибдер тарабынан көзөмөлгө алынгандан бери 8 ай өттү. Рахман дагы деле айлык акысын ала элек.

Жергиликтүү соодагерлерге мугалим өтө көп карыз болуп кетти. Ага байланыштуу ал мектептеги жумушун таштап, башка жол менен жан багуунун аракетин көрүүгө өткөн.

Азыр Рахман Меймендин борбордук көчөлөрүнүн биринде майда темир тетиктерди кездеменин үстүнө жайып алып отурат. Ал жерден өткөн адамдарга кол сааттарын оңдоп-түзөп берүүнү сунуштап жатат.

Сааттарды оңдоо менен алектенгенге аргасыз болдум. Бул жол менен үй-бүлөмдү багып, башыбызга түшкөн кыйынчылыкты аз да болсо жеңилдетүүгө аракет жасап жатам.

Соодагерлер мугалимдерге айлык акы төлөнбөй калганын билишет. Ошондуктан алар мага эми карызга эч нерсе беришпейт. Менин үй-бүлөмдүн айласы кетти. Биздин жашоо шартыбыз начарлап эле бара жатат, жегенге эч нерсебиз жок”, - дейт Рахман.

2021-жылдын 7-ноябрында айлык акысын талап кылып чыккан

мугалимдердин митинги.

Мугалими жок мектептер

Рахман сыяктуу адамдар азыр Ооганстанда аз эмес. Фарьяб провинциясындагы 7000ден ашуун мектеп жана жогорку окуу жайлардын 200 мугалими бир нече айдан бери айлык албай жашап келишет.

Алар дагы аталган өлкөдөгү миңдеген мугалим сыяктуу эле кандай жол менен жан багарын билбей отурушат.

Мугалимдердин айласыздыгынан жаралган кырдаалдан улам Ооганстандын билим берүү системасы кризиске учурады. Эми жүз миңдеген өспүрүм мектепте окубай калуу коркунучунда турушат.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ayzhan12
2021-11-29 18:57:03
Шарият менен жашайбыз деген келесо динбаштар талибтер элин сазга батырды. Аялдардын бети башын мажбурлап хиджабка тумчулап салышты, бирок аялдардын түйшүгү чечилген жок. Тескерсинче аялдарда чакырчылык, оору күчөдү.
Дин азыркы замандын көйгөйлөрүн чечип бере албайт, андыктан жаштар өз убактыларын тил үйрөнүүгө, ойлоп табуучулука, чыгармачылыка жумшашы керек.
+2
Eden-Hazard
2021-11-29 19:04:34
ayzhan12, Ал эмне чакырчылык? Жооп берчи сөзүңө!
0
Fernando_Torres
2021-11-29 19:28:57
ayzhan12,шарият менен Талибан такыр башка ошол жаман болсо Авган эли туура эмес сага окшоп адашып жаткандыр исилам дини такыр башка сен менен менин айырмам такыр башка дин сырткы келбетке байланбайт
0
JaneEr
2021-11-29 20:29:42
ayzhan12,везде динге асыласын мурдуну тыгып.
0
Usmanbekali
2021-11-29 20:39:44
ayzhan12, Мээңди текшертишиң керек экен...
+2
XATSAN125
2021-11-29 20:54:23
Карапайым элге кыйын болду да берки саксайган суксайган жудомушторго баары бир да аааа деп койсо үүү деп журо беришет кочодо калган иттердей болуп курсагы трйсо болду болуп
+5
Turdueva
2021-11-29 22:41:39
Булардын тагдыры не болот эми
0
talas0707
2021-11-29 23:51:04
Динди жамандабагылачы ислам дини эн таза, ар бир адамдын укугун оз ордуна так койгон. Ошонугана билиш керек. А талибан бул бир уюм.
0
bekalife
2021-11-30 12:44:46
talas0707,эн бир туура. Талибан кыймылы партияга окшогон бир уюм. Шарияттагы кээбир талаптарды оздоруно ынгайлаштырып алышкан. Ал эми динде бир жерди басып алгыла деген жери жокта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан