Франциянын борбору Париж шаарында 29-ноябрда "Алтын топтун" ээси аныкталат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышат.
Маалыматка ылайык, наамды франциялык беделдүү "France Football" журналы тапшырат. Бул иш-чара коронавирус пандемиясына байланыштуу 2 жылдан бери өтө элек болчу. Буга чейин, 8-октябрда "France Football" басылмасы "Алтын топ" наамына талапкер болгон 30 футболчунун атын жарыялаган. Алар:
1. Рияд Марез («Манчестер Сити»);
2. Н'Голо Канте («Челси»);
3. Эрлинг Холанн («Боруссия Дортмунд»);
4. Леонардо Бонуччи («Ювентус»);
5. Мэйсон Маунт («Челси»);
6. Харри Кейн («Тоттенхэм»);
7. Жанлуижи Доннарумма («Милан»/«ПСЖ»);
8. Карим Бензема («Реал»);
9. Рахим Стерлинг («Манчестер Сити»);
10. Николо Барелла («Интер»);
11. Лионель Месси («Барселона»/«ПСЖ»);
12. Бруну Фернандеш («Манчестер Юнайтед»);
13. Педри («Барселона»);
14. Лука Модрич («Реал»);
15. Жорджо Кьеллини («Ювентус»);
16. Кевин де Брёйне («Манчестер Сити»);
17. Неймар («ПСЖ»);
18. Рубен Диаш («Манчестер Сити»);
19. Лаутаро Мартинес («Интер»);
20. Симон Кьер («Милан»);
21. Роберт Левандовский («Бавария»);
22. Жоржиньо («Челси»);
23. Мохамед Салах («Ливерпуль»);
24. Сезар Аспиликуэта («Челси»);
25. Ромелу Лукаку («Интер»/«Челси»);
26. Криштиану Роналду («Манчестер Юнайтед»);
27. Жерар Морено («Вильярреал»);
28. Фил Фоден («Манчестер Сити»);
29. Килиан Мбаппе («ПСЖ»);
30. Луис Суарес («Барселона»/«Атлетико»).