Социалдык өнүгүү министрлиги карыларды колдоого карата жарыялаган бир айлыкты жыйынтыктады. Иш-чараларга бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 25 миллион 207 миң сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бир айлык өкмөттүн токтомуна ылайык өтүп, анын алкагында кайрымдуулук акциялары жана майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Өлкө боюнча Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, акысыз юридикалык кеп-кеңеш, концерт, сынак, чыгармачыл жамааттар менен тамактануу уюштурулду.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, тылда эмгектенгендерге, карыларга жалпысынан 24 596 440 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Карылар үчүн социалдык стационардык мекемелерге 162 650 сом, социалдык муниципалдык мекемелерге 65 800 сом, карылар үчүн жеке менчик 4 жатак-үйгө 66 500 сом жана коомдук уюмдар үчүн 316 миң сом бөлүнүп берилди.
Бир айлыктын жыйынтыгы боюнча 22 мамлекеттик орган отчёт берсе, 24ү бере элек.