ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Балтадагы базага Шабыркүл көмүрү келген, бирок элге сатпай жатышат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылды.

Анын айтымына караганда, көмүрдү алып сатарлар кымбат баада сатууда.

"Бүгүн эртең менен Кара-Балтадагы базага Шабыркүл көмүрү келген. Бирок элге сатпай жатышат. Сурасак шаардан ушундай буйрук келген дешти. Көмүр базада тоннасы 4500 сом экен. Алып сатарлар 5500дөн сатып жатышат. Кара-Балтаны деле көзөмөлгө алып койсоңуздар", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alishdaman
2021-11-30 01:47:18
Шайлоо бүттү эми 3000 сомдук көмүр жок.Бир шылтоону айтып чыгат эми Садыр авабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан