Белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Алтын топ" тапшыруу аземине барган жок. Бул тууралуу португалиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу "Алтын топ" тапшыруу аземине катышуу үчүн Францияга барган эмес. Мунун себеби "ПСЖ" клубунун чабуулчусу, аргентиналык футболчу Лионель Мессинин башкы сыйлыкты алуусуна катышуу ниети жоктугу менен байланыштуу экендиги айтылат маалыматта.
Басылмалардын маалыматында "Алтын топтун" башкы талапкери Лионель Месси болууда. Эгер бул жолу да аргентиналык футболчу бул наамды ала турган болсо, ал 7-ирет "Алтын топтун" ээси болот.
Эскерте кетсек, октябрь айынын аягында испаниялык "Marca" аттуу спорттук гезиттин сурамжылоосуна ылайык, "Алтын топтун" ээси катары 34 пайыз добушту Месси алган, экинчи орунду "Реалдын" футболчусу Карим Бензема алса, добуштардын саны боюнча үчүнчү орунга "Бавариянын" форварды Роберт Левандовский жайгашкан.
Буга чейин "Алтын топ" тапшыруу аземи Париж шаарында өтөрү жана бул наамга талапкер футболчулардын тизмеси жарыяланган.