Алмазбек Атамбаев: “Кыргыз каганаты убагында Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын кең аймагын ээлеп турган”

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышында кайрылуу жасады. Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат. Кайрылуунун тексти:

 

“Урматтуу конференциянын катышуучулары! Кымбаттуу меймандар! Сиздерди Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышы менен куттуктайм.

 

Кыргыз элинин байыркы тарыхына кызыгуу менен карап, өлкөлөрүбүздүн  өз ара карым-катнашын тереңдетүүгө  зор салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.

 

Тарых – бул окуялардын ырааттуу тизмеги гана эмес. Адамзат цивилизациясынын ар бир баскычы тарых жолундагы жетишкен ийгиликтеринин  жана кетирген катачылыктарынын негизинде калыптанган улуу акылмандыктын сыр сандыгы. Ушул жагынан алып караганда кыргыз элинин мамлекеттүүлүккө жетишүүдөгү татаал жолу  ар тараптан терең изилдөөнүн  негизи боло алат.

 

Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдык тарыхында түрдүү заманды баштан кечирди. Ынтымакка жеткенде  гүлдөп өнүгүп, ыркы кеткенде катаал кырдаалдарга туш келген.  Гүлдөө доорунда кыргыз каганаты Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын кең аймагын ээлеп турган.

 

Орто кылымдагы жана башка мезгилдеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн жана маданий мурасын изилдөөдө  терең иликтенбей калган жерлер бар. Окумуштуулар бул жагдайга көңүл бурат деп ойлойм. Ушул багыттагы  илимий изилдөөлөр мекенчилдик сезимин калыптандырууга идеялык негиз болуп, өлкөбүздө  жана аймакта жашаган элдердин өз ара мамилесин  жакшыртууга жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем.

 

Ошондуктан мамлекет башчы катары биринчи  жарлыгым  «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү  жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар  жөнүндө»  болду.  Андан  кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясы жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө максатында «Мурас» фонду түзүлгөн. Бүгүнкү конференциянын башкы уюштуруучуларынын бири  мына ошол  “Мурас” фонду.

 

Бүгүнкү конференцияда кыргыздардын тарыхы илимий көз караштан каралып,терең талдооого алынат.  Ар түрдүү кайчы пикирлер айтылып, калыптанып калган айрым бир  терс көз караштарга татыктуу жооптор берилет деп ишенем.

 

Ошону менен бирге бүгүнкү конференция аймактагы коңшулаш мамлекеттердин элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык карым-катнашты кеңейтүүгө жол ачары шексиз. Анткени биздин тарыхыбыз бир, тамырыбыз бир.

 

Чыгармачыл  жана түйшүктүү илимий ишмердигиңиздерге ийгилик каалайм!”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан