Бүгүн, 15-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Кыргызстан 1 миллион 320 миң тонна көмүр менен камсыздалганын, бул көрсөткүч пландалган тапшырманын 94,7 пайызы экенин айтты.
“Күз-кыш мезгилинде “Кыргызгаздын” алдында 400 миллион метр куб жаратылыш газын элге жеткирүү тапшырмасы турат. Анын ичинен 355,6 миллион метр куб жаратылыш газы түндүк аймак үчүн болсо, 44,4 миллион метр куб газ түштүк аймак үчүн”,- деди Артыкбаев.