Бүгүн, 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата "Сорос-Кыргызстан" фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков Кыргыз өлкөсүндө акыркы үч жылда ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдарды аныктоонун динамикасы байкалганы менен бөлүштү:
"Акыркы 20 жылда "Сорос-Кыргызстан" фондунун приоритеттүү багыттарынын бири болгон ВИЧ-инфекциясына каршы аракеттенүү, зыянды азайтуу программаларын илгерилетүү жана калктын негизги катмарларынын укуктарын коргоого 7 миллион долларга жакын каражат бөлүнгөн. Бирок, бүгүнкү күндө калк арасында эффективдүү маалыматтын жоктугунан улам ВИЧ инфекциясынын жалпы калкка кирип кетүү тенденциясы байкалууда", - деп билдирген.
Статистика боюнча 2004-жылы жыныстык катнаш аркылуу жуккандардын саны 35 гана учурду түзсө, 2021-жылы бул көрсөткүч 531ге, башкача айтканда 15 эсеге өскөн.
Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Сорос фондунун кызматкерлери Кыргыз өлкөсүндөгү ВИЧ/СПИД боюнча 10 маанилүү фактыны көрсөтүштү:
1) 2021-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө 11 066 ВИЧ инфекциясы катталган. Алардын ичинен 737 адам СПИД стадиясында ооруга чалдыккан.
2) ВИЧ менен СПИД бир эле нерсе эмес. ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздигинин өнүгүшүн шарттаган вирус, бул иммундук системанын түрдүү вирустарга, патогендик бактерияларга жана мутацияга кабылган клеткаларга туруштук бере албайт. СПИД ВИЧ-инфекциясынын өнүгүшүнүн акыркы баскычы болуп, өлүмгө алып келет.
3) Адам кадимки күнүмдүк контакт аркылуу, мисалы, өбүшүү, кучакташуу жана кол алышуу, же жеке буюмдарын бөлүшүү, тамак-аш же суу ичүү сыяктуу инфекцияны жуктуруп албайт.
4) ВИЧ АИВ менен жашаган адамдардын дене суюктуктары, кан, эмчек сүтү, урук жана кындын секрециялары аркылуу жана стерилдүү эмес инъекциялык жабдууларды колдонуу аркылуу жугушу мүмкүн.
5) ВИЧ энеден балага кош бойлуу жана төрөт учурунда да жугушу мүмкүн.
6) Бирок заманбап медицина ВИЧке чалдыккан адамдарга дени сак балалуу болууга мүмкүнчүлүк берет.
7) ВИЧти толук жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок тийиштүү профилактикалык иш-чаралар менен ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамга ВИЧ-терс адамдар менен салыштырууга боло турган сапат жана жашоо узактыгын камсыз кылган натыйжалуу дарылоо бар.
8) ВИЧ статусуңузду билүүнүн эки маанилүү пайдасы бар. Биринчиден, эгерде адам ВИЧке тесттин оң натыйжасы жөнүндө билсе, анда антиретровирустук дарылар менен дароо дарылоодо ВИЧке чалдыккан адамдын өмүрүнүн узактыгы ошол эле курактагы дени сак адамдын өмүрүнөн айырмаланбайт.
9) Экинчиден, антиретровирустук терапия ВИЧтин жугуу коркунучун 96% азайтат.
10) ВИЧ менен жашаган адамдар башка жарандары сыяктуу эле бардык социалдык, экономикалык жана башка укуктарга ээ.
Фонддун маалыматы боюнча, негизги популяциялар ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу бар адамдар эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, абактагылар, баңги затын ийне колдонгондор, секс-кызматкерлер жана жыныстык катнаштан баш тарткандар.