Юлий Худяков, орусиялык илимпоз: “Кыргыз каганаты көчмөн империялардын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт”

Бүгүн, 15-ноябрда өтүп жаткан “Кыргыз каганаты орто кылымдагы мамлекеттүүлүктүн жана түрк элдеринин маданиятынын контекстинде” аттуу II эл аралык илимий жыйында Новосибирск Мамлекеттик университетиндеги археология жана этнография кафедрасынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков: “Кыргыз каганаты көчмөн империялардын арасында өзгөчө орунду ээлейт”,- деп билдирди. 

 

Анын айтымында, кыргыз каганаты Чыңгызхандын державасы жана башка көчмөн империялар сыяктуу көп улуттуу мамлекет болгон. “Кыргыз каганаты көчмөн империялардын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анда биринчи жолу түрк урууларынын элдери биригишкен”,- деди Худяков.

 

Эл аралык жыйында кыргызстандык окумуштуулардан тышкары Орусия, Казакстан, Германия, Өзбекстан, Кытай, Венгрия, Түркия, Азербайжан, Бурятия жана Монголиянын кыргыз таануучу, түркологдору катышууда. Бул конференция 2 жылдык эл аралык илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарат. Иштин жыйынтыгы боюнча кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын мындан ары тереңдетип изилдөө боюнча резолюциянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан