Жылдызкан Жолдошева Нуржан Шайлдабековага: "БШКнын төрайымы болгонго моралдык укугуңуз барбы?"

БШКда шайлоого катышкан партия өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүүдө.

Депутаттыкка талапкер Жылдызкан Жолдошева: "Биз "Ата-Журт" фракциясы абдан көп кысымга алынганбыз. 17 депутатка кылмыш иши ачылган, 7сү камалган, ошонун бири Садыр Жапаров. 11 жыл биз, анын тарапташтары Садыр Жапаровду эркиндикке чыгышы менен ушундай такка жетишин да каалаганбыз. Садыр Жапаровдун ак ниет, таза жүрөгү менен "дүйнө жүзүн таң калтыра турган шайлоо өткөрөм" деп баннерлерге сүрөтүн коюп жазгандан кийин ишенип шайлоого аттанганбыз. Нуржан Кармабековна, сиз президентти уят кылдыңыз. Мындан кийин БШКнын төрайымы болгонго укугуңуз барбы? Ишеним, үмүт өлдү. Эми кандай болот? Бул мамлекеттин, элдин тагдырын чече турган шайлоо. Ушул жерде турганга моралдык укугуңуз барбы?", - дейт.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Бул шайлоодо бурмалоо болгон жок. Мен суранат элем. Биз бурмалоо болбогонун далилдеп бергенге даярбыз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан