Министр Осмонбек Артыкбаев “быйыл сууну үнөмдөйбүз” дейт

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 15-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында “быйыл сууну үнөмдөшүбүз керек” деди.  

Айта кетсек, жыйында кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Министр билдиргендей, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 1 миллиард метр кубга аз. “2014-жылдын 1-апрелинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард метр куб болушу болжолдонууда. Бул быйылкы жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. Буга байланыштуу сууну үнөмдөөгө туура келет”,- деди Артыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан