Каныбек Иманалиев, депутат: “2014-жылы Хакасияда Барсбек каганга эстелик тургузулат”

Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда “Кыргыз каганаты орто кылымдагы мамлекеттүүлүктүн жана түрк элдеринин маданиятынын контекстинде” аттуу II эл аралык илимий жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев “2014-жылы Хакасияда биринчи кыргыз каганы Барсбекке эстелик тургузуу пландалууда”,- деп билдирди.

 

Анын айтымында, 2013-жылы жайында изилдөөчүлөрдүн тобу Хакасияда болуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. “Долбоор иштелип чыкты. Биринчи кыргыз каганынын сөөгү коюлган жерге келерки жылы эстелик орнотобуз”,- деди ал. 

 

Мындан сырткары кыргыз каганатына арналган сүрөт альбому даярдалып жатканын кошумчалады. “Ал Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жарыкка чыгат. Ошондой эле Кыргыз каганатына тиешелүү болгон жерлерде автожүрүш өткөрүү пландалууда”,- деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан