2013-жылдын 10 айында Кыргызстанда сандардын өзгөчө айкалышындагы 700 автоунаа номуру сатылды. Бул тууралуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Болот Токсобаев коллегиялык жыйында билдирди.
Анын айтымында, "крутой" номурларды сатуудан казынага 11 миллион 861 миң сом түшкөн.