14-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында дискотека уюштурулду. Иш-чара 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата өттү. Ага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов катышып, жаштарды майрамы менен куттуктады. Ошондой эле “Алай” футболдук клубуна жана Ош шаарынын жаш спортчуларына 2013-жылы мыкты жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн Ардак грамоталар жана белектер берилди.
Майрамдык кечеде түрдүү баалуу белектер ойнотулуп, бий майрамына миңдеген жаштар катышты.