Катуу сын айтылгандан кийин министр Канат Садыков Жети-Өгүзгө иш сапары менен барды

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна иш сапары менен барды. Министр жана анын орун басары бүгүн, 15-ноябрда Тосор жана Барскоон айылдарында болду. Ал жердеги жолугушууларда билим берүүнүн сапаты, мектеп рэкетчилиги, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуу маселелери каралып жатканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууларга мектеп директорлору, ата-энелер, укук коргоо кызматкерлери катышып жатат. 

 

Айта кетсек, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар министр Канат Садыковго катуу сындарды айткан болчу. “Министр жылуу унаада жүрүп, жылуу кабинетте отурат. Суук мектептерге барып 45 мүнөт отуруп көрсүн, көйгөйдү ошондо түшүнөт”,- дешкен депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан