SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.
Окурман кайрылуусунда эртең менен Манас көчөсү бир сааттай жабылып турганына нааразы болду.
"Эмне үчүн күндө эртең менен Манас көчөсүн бир сааттай жаап салат? Президент, премьер-министр жол тыгыны жок өтүшү үчүн миңдеген адам тыгында туруп, бара турган дарегине кечигишет. Ахунбаев, Горький, Бөкөнбаев, Москва, Киев жана Чүй көчөлөрүндө унаалар бензин жагып күтүп турушат", - деди окурман.
Ошондой эле ал кечкисин дагы ушул эле көрүнүш кайталанып жатканын кошумчалап өттү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.