Белгилүү "Үйдө жалгыз" тасмасы тартылган үйдү ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Белгилүү америкалык "Үйдө жалгыз" тасмасы тартылган хан сарайды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул тууралуу үйлөрдү ижарага берүү сервисине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул хан сарай Чикаго шаарынын четинде жайгашкан. Ал Жаңы жылга карата кооздолду. Үйдү бир күнгө, тагыраагы 12-декабрда ижарага алууга мүмкүн. Ал эми ижара баасы айтылган эмес. 7-декабрдан тарта ижарага алууга билдирме берип баштоого болот.

Үйдө 4 конок бөлмө жана 2 уктоочу бөлмө бар. Ижарага берүү жарыясы "Үйдө жалгыз" тасмасындагы башкы каарман Кевиндин агасы Баз Маккалистердин атынан билдирүү катары жазылган. Анда ал чоңоюп, өзгөргөнүн айткан.

"Мен чоңоюп, жакшы жакка өзгөрдүм. Силерди биздин үйгө чакырып, пицца менен коноктоого даярмын. Сиздерди Жаңы жылдык майрамдарда биздин үйдөн көрүүгө кубанычта болом. Бирок менин жөргөмүшүм Акселди качырып жибербегиле. Биз бул жолу да эс алууга кетип жатабыз (бул жолу чындап эле баарыбыз). Менин балалыгым өткөн үйгө келип, бала чагыңарды эстеп, көңүл ачып кетишиңерди каалайм", - деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле ал үйдө иниси Кевиндин эрежелери бар экенин айтып, ага ылайык, коноктор зыяндуу (тез татым) тамактарды жеп, тыюу салынган тасмаларды көрүп, атасынын лосьонун колдонууга болорун, бирок анын (Баздын) бөлмөсүнө кирүүгө болбой тургандыгын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан