Орусиялыктардын реваншы. Мээрим Жуманазарова бүгүн Ханум Велиева менен беттешет

Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 3-декабрда орусиялык балбан кыз Ханум Велиевага каршы килемге чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясынан кабарлашты.

Орусиянын борбору Москва шаарында өтө турган "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" аталышындагы спорттук мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат. Ал эми Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеванын беттеши саат 00:55 чамасында орун алат. Мелдештин жүрүшүндө белгилүү молдовалык балбан Виктор Чобану дагы орусиялык Сергей Емелин менен беттешет.

Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинин чемпиону болот.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева Ослодо өткөн дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келишкен. Анда беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбан кызы жеңишке жетишкен. Беттештен кийин орусиялык машыктыруучулар калыстардын чечимине нааразычылык билдирип чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Spb
2021-12-03 08:53:32
Канешна нааразыда орустар касан еле раазы болушкан еле
+1
-FREEDOM-
2021-12-03 09:04:50
Ийгилик Мээрим
+3
Aimani
2021-12-03 10:25:46
Мээримге ийгилик!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан