Орусиялык рэпер жана видеоблогер Davа (Давид Манукян) мурда Эламан аттуу кыргыз жигитке Айфон 13 белек кылган. Блогер менен Эламан менен кайрадан жолугушканын Davа инстаграм баракчасына жарыялады.
Видеодон блогер Эламан менен KFC'ден жолукканын көрүүгө болот. Davа Эламанды алгач тааный албай, кийин аны көрүп: "Вариант бар. Дубайга учкуң келеби? Мен азыр жашооңузду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берем. KFC'де иштебей, жакшы акча чогултушуңуз үчүн", - деп Davа жигитке кайрылат. Буга ал даярмын деп жооп берди. Экөөнүн макулдашуусунан кийин "Тарых ушинтип жазылат" деди рэпер.
Эскерте кетсек, орусиялык блогер жана рэпер DAVA каймана аты менен белгилүү Давид Манукян кыргыз жигитке жакында эле чыккан Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган.