Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Министрликтен билдиришкендей, каза болгондор Бишкек шаарында катталды. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2757 кишини түздү.