Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө башка дарыларды тандап, коронавирустун жаңы түрлөрүнө каршы AstraZeneca компаниясынын вакцинасын колдонбоорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз азырынча ушул вакцинаны колдонууну улантуудабыз, анткени бул бизге кризистен чыгууга жардам берет, бирок жаңы штаммдардын коркунучуна жооп кайтаруу үчүн бизге башка натыйжалуу вакциналар керек", - деген Макрон.
Франциянын лидери AstraZeneca вакцинасын жеткирүү боюнча келишимди ушул жылдын экинчи жарымына узартпоо жөнүндө жарыяланган чечимди колдоду.