Мекендешибиз Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки туруна өттү

Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки туруна өттү. Ал "ЧиЖ & Со" тобунун "Полонез" ырын аткарган. Трек 1996-жылы ушул эле аталыштагы альбомго кирген. 18-ноябрда жазылгандыктан Александр Градский калыстардын арасында болчу. Ал 28-ноябрда каза болгон. Чечим кабыл алууда Градский ырдын Волкодав аткарган версиясын жактырганын айткан.

Экинчи кыргыз ырчысы Адилет Жумабеков кийинки баскычка өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин "Урга" аттуу ырын аткарды. Бул ыр 1991-жылы "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн Никита Михалковдун "Урга - Территория любовь" тасмасына жазылган.

Александр Волкодав "Голос" шоусунун кийинки туруна өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take-72
2021-12-04 13:28:05
Саша кыйын музыкант.Кыргызча ырларды да катыра ырдайт.Ийгилик каалайбыз!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан