Токтогулда өз жанын кыйган 24 жаштагы келин 5 айлык кош бойлуу болгон. Тараптар окуянын чоо-жайын айтышты

SUPER.KG порталына Токтогул районунун 41 жаштагы тургуну Назира Иметкулова кайрылды. Ал асынып каза болгон 24 жаштагы абысынынын жакындары анын өлүмүнө баласы экөөнү күнөөлөп жатышканын айтып, окуянын чоо-жайын экинчи тарап катары түшүндүрүп берди.

Анда сөз башынан болсун...

2-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы кош бойлуу келин асынып алган. Жакындары анын өлүмүнө абысынын жана анын баласынын тиешеси бар экендигин айтып чыгышкан.

Маркум Салтанаттын бир тууган агасы Бакыт Назаралиевдин айтымында, карындашы каза болгонго чейин үй-бүлөсүндө ар кандай келишпестиктер орун алып келген.

"Эмне үчүн аларды күнөөлөп жатабыз? Назира айымды 2014-жылдан бери тааныйм. Ал карындашым менен ресторанда чогуу иштешкен. Ошондо кайниси менен тааныштырат. Ал учурда мен турмушка чыгышына каршы болгом. Булар карындашымды 2017-жылы ала качып кетишти.

2018-жылы маркум карышдашым "Назира менен жолдошумду кармап алдым" деп чалган. Андан кийин дагы экөөнүн мамилеси үзүлгөн эмес да. Карындашыма карата "сен намысы жок келгенсиң" деген сөздөр болуп жатпайбы. Бирок аргасыздан кайнежелеринен намысы менен барды беле деп сурадым. Алар "ооба, намысы менен келген" деп айтышты. Бул жерден мен карындашымдын өлүмүнө шектүү деп жолдошу, Назираны айта алам.

Тергөөчү телефондо WhatsApp'та экөөнүн жазышкандары жок экен деди. Бирок карындашымдын телефону өлүмүнө себепчи болгон Назиранын баласында болуп жатпайбы. Булар кылмышын жаап-жашыруу максатында дагы жок кылган. Тилекке каршы, алар максатына жеткен жок. Аны кайрадан калыбына келтиргенде фактыларга ээ болдум. Анан актанып, мага байланышмак. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Назира айым кандай актанат билбейм.

Күйөө балам менен жакын ымалада болгону, керек болсо "жаным" "15-ноябрь бирге болобуз" деп жазышкандары бар (ред.; WhatsApp аркылуу). Мен баарын тастыктап бере алам.

Карындашым үйгө бир нече жолу таарынып келиптир. Эгер карындашым начар, жүрүм-туруму чектен чыккан болсо, кайын журту кайра алып кетпейт эле да.

Карындашым түз жүргөн, Назира анын өлүмүнө түрткү болуп жатпайбы?", - деди бир тууган агасы Назаралиев.

Ошондой эле ал күйөө баласы учурда Токтогул РИИБинде убактылуу кармоочу жайда экендигин билдирди.

"Маркум карындашымдын эки жашар кызы менин карамагымда. Күйөө балам Токтогул РИИБинде убактылуу кармоочу жайда.

Салтанат асынып алган маалда жолдошу көрүп калган. Ошондой эле өлүмүнүн алдында кат таштап кеткен. Бирок анын түп нускасы жок болуп жатат. Ал каттын сүрөтүн бизге, жолдошуна, Орусияда улуу жеңеси бар ага дагы жөнөткөн", - деди агасы.

Ал эми Назира Иметкулованын баласына карата эч кандай коркутуулар болбогонун кошумчалап өттү.

"Назира айымдын үйүнө барганым анык. Бирок эч кандай уруп-согуу болгон эмес.

Ал эми баласынын номерин дагы билбейм. Эч кандай дагы коркутуулар болгон эмес. Баласы кылмыштан качып мага ар кандай нерселерди жазып жатат. Эгер чын болсо мен жоопко тартылам, эгер жалган-жалаа болсо анда менин моралдык укугум тебеленгени үчүн ал жазага тартылат", - деди Назаралиев.

Бакыт Назаралиев маркум карындашынын өлүмүнө күнөөлөп жаткан Назира Иметкулова буларга токтолду.

"Бул жерде ар кандай пикирлер айтылып жатат. Биринчи жак айтып чыкса эле ошолордуку туура болуп кала береби? Кудайга койдум деп отурам. Кээ бирлери Назира баласы экөө барып Салтанатты асып салды дейт. Жаңы эле үйлөнгөн баламды жүр Салтанатты асып келели дей тургандай келинимде өчүм жок болчу.

Ал келинди өзүм алып келгем. Экөөбүз ресторанда чогуу иштегенбиз. Мен ашпозчу, келиним официант болчу. Мамилебиз аябай жакшы болчу. Ошондуктан кайниме тааныштырып, атасына барып түшүндүрүп, кайнимди көрсөтүп, сүйүнүп 2017-жылы ноябрь айында алып келгенбиз.

Кайненем менен кайнатам Залкарды (ред.; кайниси, каза болгон келиндин жолдошу) сенин балаң деп койсо, дардаңдап жашоом "мышык ыйлагыдай" болуп турса дагы жалгыз бодо малымды сатып, жаңы үйлөнүшкөндө көп керек-жарактарына жумшагам. Өзүмө эмне алсам келиниме кошо алат элем. Салтанатка жаман оюм болсо, ага ошончолук камкордук кылбайт болчумун да. Анан келип аркасында жаманатты болуп жатам.

Күйөөм жок, 4 балам бар. Кайним мага бир тууган болуп калган. Аны 6 жашынан бери баккам. Кайнене, кайнатам шартка байланыштуу шаарга иштеп кеткендиктен колумда чоңойгон.

Бир тууган болгондон кийин үйгө каттайт да. Кышкысын отун-суу көйгөйү болуп калат. Сууну бир топ алыс жерден ташып келчүбүз. Ошол байкуш кайним ташып берет эле. Чындыгында 3-4 фляга суу алып келип койсо, ошол 3-4 күнгө жетчү.

Пикир-келишпестик

Бизде жер талаш деген чоң чыр бар. Кайненем, кайнатам тирүү кезинде кайын сиңдилерим келип бизди жер талаштырып коюп, ызы-чуу кылган учурлар болгон. Ошонун аркасы ушул убакка чейин бүтпөй эки келин тең ушулардын курмандыгы болуп отурабыз. Бирибиз өлүүнүн курмандыгы, экинчибиз тирүүнүн курмандагы болуп жатабыз.

Келин кайын сиңдилерим "күйөөңдү Назиранын үйүнө жөнөтпө, анын күйөөсү жок" деп айтканын бир жолу сураганда айткан.

Буга чейин дагы келиним, кайним менен менден "туура эмес кылып алдык" деп кечирим сурап келген учурлары болгон.

Телефондогу SMS'тер боюнча

Орусияга кеткенге чейин, тагыраагы 2018-жылда мындай окуя болгон. Эртең менен кайнимдин телефонунан "кандай, жаным?" деген сыяктуу SMS келет. Кайним антип жазбайт да. Анан эле өзүмчө жаман болуп кеттим. Чалсам албай койду. Бир аз убакыт өткөндөн кийин чалды. "Жеңе, чалдыңызбы?" деп калды. Үйгө чакырдым. Келгенде SMS'ти көрсөттүм бул эмне деп? Ал "мен жазган жокмун" келиниңиз элдин тилине кирип алып эле ушинтип жатат. "Телефонума код койсом капа болот, ачык койсом SMS жазат. Эмне кылышты билбей калдым" деди.

Бул окуя Орусиядан келгенден кийин дагы кайталанды.

Акыркы күнү жеңеси менен кайнисин кармап алган экен деп айтышыптыр. Муну угуп алып кан басымым көтөрүлүп жатат. Ал күнү тойдон үйгө келсем апам, келиним, балам, кызым, Залкар кайним анын кызы (ред.; келин менен таарынышып, кызын бербей жаткан) дагы бар экен. Кайын сиңдимдин кызы ооруп жаткан экен. Кызым медик да. "Өзүм карап коём, уктай бериңиз" дегенинен кызым менен жатып алгам. Кеч болгондуктан кайниме кызыңа суук тийип калбасын деп үйгө жатып алгыла деп өзүмдүн апам айтыптыр. Түндө эшикти тарсылдатып келин турган экен. Эшикти ачсам "Залкарды айтып кой" деди. Ошондо кайним үйдө экенин эстедим. Ал ачууланып кызын алып кеткен.

Салтанаттын өлүм алдында таштап кеткен каты тууралуу:

Ошол катты өзүм көрбөгөндүктөн кандай жазылганын билбей жатам. Эгер өзү жазса, элдин сөзүнө кирип жазып алышы мүмкүн.

Салтанатка сенин төркүндөрүң келген учурда чуркап жүргөнүмдүн себеби бар. Алар ыраазы болуп кетсин, менин төркүндөрүм сыяктуу нааразы болуп калбасын деп айткам. Сен менин кылгандарымдын бирин актаган жоксуң дегем. Кайра-кайра келип кете бересиңби, отурган ордунда суутпа деп айтканым чын. Күйөөң ичимдик ичпесе, тамеки чекпесе, анан келип эле мага жармаштырганың оор тийип жатат дегем. Кайнимди бакпасам, алыс болсо дагы түшүнөт элем. Залкар балам катары болгондуктан чычалап жатам. Кимде ким мени ордуна өзүн койсо түшүнүшөт.

Өзүм эки жарым жыл Орусияда иштеп жүрдүм. 12-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө келдим. Орусиядан келгенде келин төркүнүнө кетип калыптыр. Анан кайнатам, кайненеме, кайын сиңдиме куран окуттум. Октябрда баламды үйлөнттүм.

Мен Орусияда жүргөн учурда деле кайним, келиним менен келишпестиктер болуп бир топ жолу төркүнүнө кетип калган учурлар болгон экен. Ал учурда эмне себеп болду эле? Анан эле аягында келип туруп мага байланыштырып коюшту.

Салтанат асынып алган учурда

Келиним асынып алган учурда жентек тойго кеткем, бара турган жериме жетпей кабарды угуп кайттым. Үйүмө келип сурасам асынып алып каза болуп калыптыр деп айтышты.

Маркумдун телефону

Ал эми Салтанат асынып алгандан кийин анын телефону Назира Иметкулованын баласы Сагындык Р.дан табылган.

Сагындык Р. уулунун айтымында, маркум жеңесинин телефонун ага Стал аттуу кошунасы берген.

"Ошол күнү, 2-ноябрда мага Салтанат жеңем "апаң менен акеңдин жакын ымаласы бар экен" деп SMS жөнөттү. Жеңе бул дагы жасалма экен. Туугандарды чакырып териштиребиз дедим. Буга чейин ушундай сөздөр болуп, аягы жалган болуп чыккан учур болгон. Ошол күнү ызы-чуунун аягына чекит коёлу дегенбиз. Ага жетпей калды. Кошунамдын кызы кечке маал чуркап келип, жеңеңиз асынып өлүп алды деди. Чуркап барсам, акем ыйлап жаткан экен. Жеңем үйгө бир күн мурун эле келген. Эртеси эле асынып алды. Биздин деле ичибиз ачышты.

Жеңемдин телефонун Стал деген кошунам берген. Аны чөнтөгүмө салгам. Үйгө коёюн деп кирсем "унаада кичинекей балдар бар, коркуп калышпасын, үйүңө алып бар" дешти. Акемдин унаасын айдатып үйгө таштадым. Жолдо келе жатканда унаанын ичине койгом. Ачык эле жерде калган. Ал жерде кызмат кыла турган бир эле унаа болду.

Телефонду сурашкан учурда унаанын ичинен койгон жерден таппай калдым. Багажды карап ал жакка кагаздарды койгом. Ошол учурда сөөктү унаа менен алып кетишти. Кечинде унаанын бардачогу ачык экен. багаждагы кагаздар, дагы башка майда-чүйдө буюмдарды ошол жерге салып коюшуптур. Телефон дагы бардачокто экен. Түнкү 1лер чамасында Залкар акеме бердим", - деди Раатбек уулу.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев учурда аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты.

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек, бирок 5 айлык кош бойлуу экендиги такталган. Жазып кеткен каты боюнча текшерүү жүргүзүп, анын күйөөсү 2 айга камакка алынган", - деп билдирди Жээнтаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2021-12-05 23:00:46
Кудайга тообооо
+7
uli95
2021-12-06 13:06:41
Назира дегендер озу желмогуз болушат! (Жеке тааныштарым) Жаш келиндин олумуно себепкер экен да.
+4
JaneEr
2021-12-06 19:16:43
Мутно ...Шумдугун кур тим эле актанышат.Жыргаганынан олбоду кыскасы ...Аллах жазасын берсин ким куноолуу болсо да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан