Эне тилге эки мүнөт: "Боору бүтүн", "алчы-таасын жеген" деген сөздөр кандай адамдарга карата айтылат?

Эне тилге эки мүнөт рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "алчы-таасын жеген" , "жел өпкө" жана "боору бүтүн" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

"Алчы-таасын жеген" - Ар нерсени өтө эпчилдик менен аткарган, абдан тапан, ашкан куу адамдарга карата айтылат. Мисалы: Ээ, үке! Чылым менен ичкилик жана да алчы-таасын жеген куулук, мойну жар бербеген жалкоолук, арамзаалык эр адамдын аталык касиетин качырат («Ленинчил жаш»).

"Жел өпкө" - деп кыргызда ала көөдөн, куру мактанчаак, көйрөң адамдарды айтат. Мисалы: Айдараалы жел өпкө менен мушташпаган киши калбагандыр. (Узакбай Абдукаимов).

"Боору бүтүн" - фразеологизми аман-эсен, телегейи тегиз деген мааниде. Турмуш-жагдайы жакшы, ден соолугу жайында, эч кандай убайымы жок адамдарга карата колдонулат. Мисалы: Ээ кызым, азыр кайда барсаң Мамайдын көрү болбодубу? Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Узакбай Абдукаимов).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан