реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

 

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Садыр Жапаровдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 9 талапкер. Ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 7 талапкерге, жалпы 16 талапкерге сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын жогоруда аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облусу:

Баткен облустук соту:

Абышова Кундуз Сабырбековна;

Кадамжай райондук соту:

Ажиматов Улан Абдыкаарович;

Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович;

Сүлүктү шаардык соту:

Эрматова Гүлзат Муктаровна;

Кызыл-Кыя шаардык соту:

Адимов Акылбек Акматович;

– Ош облусу:

Кара-Суу райондук соту:

Гуламидин уулу Элчибек;

Ош шаардык соту:

Турдалиев Ниязбек Назарович;

Жалал-Абад облусу:

Ноокен райондук соту

Чоноев Чынгыз Мелисович;

Жалал-Абад шаардык соту:

Ганиев Жоомарт Махамадисакович;

– Чүй облусу:

Чүй облустук соту:

Кыдыралиева Нурзат Амантуровна;

– Талас облусу:

Талас шаардык соту:

Суйналиев Дамир Суйунтаевич;

– Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту:

Бекбаева Нурия Хусаиновна;

Накешова Минура Асылбековна;

Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: