UFC: "Айланып тепкени үчүн 50 миң доллар". Рафаэль Физиевдин жеңишинен кийин канча гонорар алары белгилүү болду

Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев "UFC on ESPN 31" турнириндеги жаңы зеландиялык Брэд Ридделлди жеңгени үчүн жалпы 104 миң АКШ долларын алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушкерге берилген 104 миң доллардын ичинен 24 миң доллар беттеш үчүн, дагы 24 миң доллар жеңиш үчүн, 50 миң доллар турнирдеги эң жакшы көрсөткүч үчүн бонус, 6 миң доллар беттешке бир жума калгандагы кызыктыруучу төлөм катары берилген.

Ал эми анын атаандашы Брэд Ридделл 46 миң 500 доллар алат.

4-декабрдан 5-декабрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди беттештин үчүнчү бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңип алган.

Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал Бред Ридделл менен болгон беттешке Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sarbo
2021-12-06 10:29:44
лимон алса да мага баары бир
0
alimbek94
2021-12-06 11:00:30
Азаматсын. Ишине ийгилик. Өркүндөй бер. Биздеги ушакчыларга башыңды оорутпа. Көңдөй баштардын тили узун болот, ушак айта беришет.
0
bond02
2021-12-06 11:20:27
Кыргызстандын атынан чыкканда урааласак керек эле ээ, ичи дартыбыз ичибизде болуп отурабыз да эмне дешти билбей.
+3
Bishkek-Kg
2021-12-06 15:15:40
Бул саткынды неле кайра кайра чыгарасыңар жүрөктү сыгып!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан