Соңку 24 саат аралыгында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Республикалык штабдан билдиришкендей, каза болгондор инфекцияга каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
Коронавирус илдети өлкөдө катталган күндөн тарта жалпы 2 миң 760 адам каза болду.
Муну менен бүгүнкү күнгө карата республиканын медициналык жайларында 373 бейтап дарылануусун улантса, 382 адам амбулатордук дарыланууда жатат.