Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан 900 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Бишкек шаары – 412;
Ош шаары – 50;
Чүй облусу – 41;
Ош облусу – 54;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 18;
Ысык-Көл облусу – 233;
Жалал-Абад облусу – 52;
Баткен облусу – 34.
Жалпы айыгып чыккандардын саны 26 миң 926га жетти.