Бишкекте эки мектеп окуучусуна иттер кол салды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Гулия Рахманова баракчасына жазып чыкты.
"Бир-эки күн мурун мектептен кайтып келе жаткан аймактагы көчөлөрдүн биринен 1-класстын жана 6-класстын окуучусуна эки питбул породасындагы ит кол салган. Балдар азыр ооруканада. Биринин абалы жакшы, ал эми 1-класстын окуучусу катуу жаракат алып, денесинин кээ бир жерлеринин булчуңдары үзүлүп кеткен. Экөө тең бир үй-бүлөдөн, апасы балдарын жалгыз тарбиялайт. Балдардын ден соолугуна зыян келтиргенден тышкары, балдардын кийимдери айрылган", - деп жазган ал.
Аял Бишкектин Свердлов РИИБине арыз менен кайрылганын маалымдаган. Бирок Свердлов РИИБи бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.