Садыр Жапаровдун туулган күнү. Президент басма сөз катчысынын көзү менен

Бүгүн, 6-декабрь Садыр Жапаровдун туулган күнү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Жаныңызда жүргөн басма сөз катчыңыз катары сиздин мекенибизге, элибизге болгон ой-тилегиңизге, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө болгон умтулууңузга күбө болуп келем.

Чындыгында сиз мамлекет башчылыгына кыйын мезгилде келдиңиз. Бир жыл мурун “өлкө саясий кризиске кептелди, чыр-чатактар ушуну менен токтобойт“ деген өңдүү ар кандай кептер айтылган эле.
Ага карабастан, коронавирус пандемиясынын кесепеттерине карабастан мамлекетти оор сыноодон алып чыгып кете алдыңыз. Өлкөбүздүн экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырганы байкалууда.
Албетте, мында өлкө жетекчилигинин кыраакы, чечкиндүү, ошол эле учурда коомчулуктун пикири менен эсептеше билген саясаты чоң роль ойноду. Буга эл дагы күбө.
Садыр Нургожоевич, туулган күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктап, ишиңизге ийгиликтерди, үй-бүлөңүзгө бардык жакшылыктарды каалайм! Кыргыз мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон максаттарыңызга жетүүгө, дымактуу пландарыңызды ишке ашырууга бекем ден соолук тилейм", - деп жазылат куттуктоодо.
VI чакырылыштын депутаттарына кабинеттер кантип бөлүштүрүлөт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан