ЭЛДИК КАБАР: "Мугалим китепте жок темаларды өтүп, окуучулар үй тапшырмасын аткарууда кыйналып жатышат" дейт бишкектик тургун

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман борбор калаадагы мектептердин биринде мугалим информатика сабагында китепте жок темаларды өтүп, окуучулар үй тапшырмасын аткарууда кыйынчылыкка учурап жатканын айтты.

"Азыр мугалимдер өзү каалаган темада сабак өтсө боло береби? Бишкек шаарындагы номер №52 мектебинин информатика мугалими 5-класстын информатика китебинен сырткары, китепте жок темада сабак өтөт экен. Ал китепти кайсы жактан алып окуткандыгы белгисиз. Окуучулар эмес, чоң адамдарда түшүнө турган темалар эмес.

5-класстын китебинде жок болгондуктан, окуучулар үй тапшырмасын аткарууда кыйналып жатышат же мугалим өзү каалагандай темада сабак өтө береби?", - деп суроо салды окурман.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EddieNigma
2021-12-07 13:46:25
Өтө сабаттуу мугалим окшойт, билим беруу министрлигин деграданттык китептерин игнор кылганына караганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан