"Уят эле уят дейсиңер". Назира Айтбекова "ачылганда" же Айтбекованын чуу жараткан сүрөттөрү

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова ачык сүрөттөрүн жарыялап, интернет айдыңында талкуу жаратты. Анын мындай сүрөттөрү коомду эки ажырымга бөлгөнүн жазылган комментарийлерден байкоого болот. Көпчүлүгү суктанып, Назира Айтбекованы эрки күчтүү, көз карандысыз айым деп алкаса, айрымдары акыл айтып, ыйманга чакырган пикирлерин жазышууда.

Алып баруучу мындай сүрөттөрүн кабыл албай жаткандарга жооп иретинде дагы бир пост чыгарды. Анда катнашка барган, зордуктаган, ала жипти аттаган уят, сүрөткө түшүү уят эместиги айтылат.

"Бизде, кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн! Кийим кийип алып коррупция кылсаң уят эмес! Кийим кийип алып ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң уят эмес! Кийим кийип алып каратып туруп калп айтсаң уят эмес! Кийим кийип алып сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес! Кийим кийип алып элдин, балдарыңардын келечегин 500-1000 сомго саткан уят эмес! Кийим кийип алып аялдарыңардын, эрлериңердин башын аттаган уят эмес! Кийим кийип алып киши өлтүргөн уят эмес!

Кийим кийип алып аялыңарды ур-токмокко алган уят эмес! Кийим кийип алып балдарыңарды, өз кызыңарды, туугандарыңардын балдарын зордуктаган уят эмес! Кийим кийип алып бирөөнү зордуктап коюп кетип калган уят эмес! Бала жасап коюп, алименттен качып жүргөн уят эмес!", - деп жазат.

Буга чейин Назира айым бөдөнө тумшук мамагы менен талкууга алынган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Bishkek-Kg
2021-12-08 15:25:16
Баласы байкушка эле жалко!
+5
zam81
2021-12-08 15:35:35
Жаш болсо бир жон шалбыратып чыкпай эле кой сон болмок
+8
nazira...
2021-12-08 18:04:05
Бул кыздын атасы, байке, ини, уулу барбы кой деген. Тарбияң менен куруп кал сенин. Же стандартка бир жери туура келсе не. Менимче Мусулман эмес окшойсун. Күйөөң жакшы эле билип эрте ажырашкан экен. Балаңдан уялбайсыңбы, достору сенин апаң деп ушу сүрөтүңдү көрсөтсө эмне дейт, же балаң да өзүңө окшошпу, биротоло аны жаныңа кошуп албапсын апаң экөөнү. Сени ушинтип тарткан фотограф да окшошкон шеригиң экен.
+5
KaGaH
2021-12-08 20:30:08
nazira...,Фотограф пакылдаткан да эже
+5
bessmertiy
2021-12-08 20:26:06
Түзүгүрөөк жаңылык жок беле? Анын жылаңач сүрөтүн чыгарып чооң иш кылдык деп атасыңарбы?
+4
Kushu_0703
2021-12-08 21:02:39
Хайптын кесепети да
+3
Egizderim-baktim
2021-12-08 21:02:45

Дааа уж... Кийинип алып ууру кылгандар, кийинип алып ала жипти аттагандар озлоруно жооп беришет. Сен бул кебетен менен эн томон тушуп кетиптирсин. Кыргыз жонундо салт жонундо сен вообще суйлобой ойлобой эле коей
+4
Mister-XXX
2021-12-08 21:37:01
Анда атасы кызы менен жаткан уят эмесби,баласы энеси менен жаткан уят эмес?Карындашы агасы менен,эжеси иниси менен жаткан уят эмесби?Жандыктар менен катнашка барган уят эмесби?
Уурулук,коррупция менен жыланач жүргөндун айырмасы эки башка.
Назира накта мал эле экенсиң!Сенин эриң ошон үчүн кетирсе керек.Эркек болуп мен жыланач сүрөткө түшмөк эмесмин.Ата-энен,уулуна боорум ооруйт.
+3
Batken-i-love-you
2021-12-08 21:37:47
Эгер тообо кылбасаң, келечекте келиниң элге жып жылаңач денесин көрсөтөт деп күтө бер.Аллахым ыйман берсин сага.
+1
Kolyaa
2021-12-08 21:51:16
Каарып эле калдың жакшынакай эле жүрчү эми.Жок дегенде балаңдын бактысын ойлочу.Кимдин уулусун десе эмне дейт?
+1
Turdueva
2021-12-08 22:21:10
Мага жакпады бул суроттор
+1
O.dembele
2021-12-08 23:16:22
Баласы чоңойгондо эмне дейт экен.
0
Gospozhatsetok
2021-12-09 00:16:04
Кашыктап чогулткан кадырын чакалап тогуп алышат да ушинтип биздин кээ бир маданияттын кузгулору.Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис, Жаман деген бир ат бар жууса кеткис.Жакшы бир атына дак тушуруп албасан болгону, хайп кылам деп
0
Kolyaa
2021-12-09 01:13:46
Жөнөкөй адамдар ушуну кылса бейбаштык беренеси менен жоопко тартышат,элден кечирим суратышат.

Назирага окшогондорго закон иштебейт. Эмне деген башаламан өлкөдө жашап калганбыз.

Баш кесерлер,мыкаачылар,алдамчылар көбөйдү Айбандан айырмабыз калбады жылаңачтанып бул деген закондун иштебегендиги.



-2
tairbek
2021-12-09 06:27:45
Астофируллох.Кыргыздын кызы качан ушундай болчу эле журогум ооруп кетти.Ойлонуп корсом айып бул кызда эмееес, ушул кызга тарбия берген ата энедего.Журогудо кылдай ыйманы бар адам бул ишке барбайт эле, ыйман берсин.
+1
Ak_Bulut
2021-12-09 18:32:29
Соц тармактан эки күн талкууладык , кызыгы кетти тажадым )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан