Акылбек Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Тараптар эмнени талкуулады?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Жолугушууда тараптар Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарга өзгөчө көңүл бурулган.

"Биз ЖККУга, ЕАЭБге кирген бир тууган мамлекеттербиз. Эки тараптуу негизде биз ар дайым өз ара аракеттенип, абдан тыгыз кызматташып келебиз", - деген Казакстандын президенти.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жакшы каалоолорун айткан. Акылбек Жапаров Токаевди жана Казакстан элин келе жаткан Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктаган.

"Бул жылдар аралыгында Казакстан өзүн динамикалуу өнүгүп жаткан, саясий-экономикалык жактан туруктуу, эл аралык аренада бекем позициясы жана бедели бар күчтүү мамлекет катары көрсөттү. Биз Кыргыз өлкөсү сиздердин өлкөнүн жетишкендиктерине ар дайым кубанычтабыз, бир тууган Казакстандын колдоосун ар дайым сезебиз", - деп баса белгилеген министрлер кабинетинин төрагасы.

Сүйлөшүүнүн соңунда Казакстандын президенти Кыргыз өлкөсү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастап, өлкө башчы Садыр Жапаровго өзүнүн саламын жолдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан