Кворум жок Жогорку Кеңештин жыйыны жылдырылды

Кворум жок Жогорку Кеңештин жыйыны жылдырылды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева жарым саат өтүп, кворум болбогонун айтты. "Жарым саат күттүк, кворум болгон жок. Анда кийинки жыйынга чейин саламатта калыңыздар", - деди Касымалиева.

Буга чейин депутаттар кворум жок Жогорку Кеңештин жыйынын токтотууну сунушташкан.

Депутат Аманкул Токтомамбетов кворум жок болгонуна байланыштуу жыйынды токтотуу керектигин айтты. "Кворум жок болсо жыйынды токтотуп, добуш берүүнү эртеңкиге калтыруу шарт. 15 депутат отурабыз. Бүгүнкү жыйынды жыйынтыктоо керек", - деди ал.

Депутат Канат Исаев: "Добуш берүүгө каттоодон өткөндө кворум жок экени аныкталды. Ошондо маселе караганга кворумдун кереги жок болуп калабы? Мыйзамды сактайлы", - дейт.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева бул маселени палата чече турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан